06:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдө жер көчкү коркунучу бар кооптуу тилкеге 500 даана көчөт отургузулду

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда жер көчкү коркунучу бар кооптуу тилкеге 500 даана көчөт отургузулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аянты 2 гектар жер көчкү коркунучу бар жер Шаты айылында жайгашкан.

«Натыйжада 5 турак үй корголот. Мындан тышкары Ысык-Көл районунда «Жашыл долбоорду» аткаруу максатында, Кумбел айыл ѳкмѳтүнүн Корумду айылында 300 даана ак терек кѳчѳтү тигилди», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар