18:57
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жалал-Абадда жер көчкү коркунучу бар жерлерге дарак олтургузулду

Жалал-Абадда жер көчкү коркунучу бар жерлерге бак-дарак олтургузулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Мекеменин маалыматында, «Жашыл» долбоордун алкагында 2 миң 688 түп көчөт, 140 килограмм жапайы бадам уругун эгүү пландаштарылууда.  Ал үчүн эң кооптуу төрт аймак тандалып алынды. 

Сузак районунун Тала-Булак айылында түндүк тарабындагы тоо кыркаларынан жер көчкү жаракалары пайда болуп, жалпы аянты 6 гектар болгон жер көчкү жыла баштаган. Ал жерге Орток токой чарбасынан 200 даана жаңгак, 500 даана бадам көчөтү алынып, 2 гектар жер тилкесине олтургузулду. 

Андан тышкары, Токтогул районунун Коргон участкасынын түштүк тарабына Токтогул токой чарбасынан алынган 900 даана жаңгак жана Бел-Алды айыл өкмөтүнөн кошумча 250 даана карагай көчөттөрү отургузулду.

Эң көп окулган жаңылыктар