9-10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Бүгүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
9-10-сентябрда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6...11°, күндүз 12...17°, тоо этектеринде түнкүсүн 3...8°, күндүз 11...16°,
Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 3...8°, күндүз 11...16°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9...14°, күндүз 17...22°, тоо этектеринде түнкүсүн 6...11°, күндүз 15...20°,
11-12-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0...-2° үшүк жүрөт.