22:39
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чүйдө жеңил унаанын айдоочусу жүргүнчү ташыган автобусту сүзүп алды

Чүй облусуна караштуу Кызыл-Туу айылында Nissan үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жүргүнчү ташыган коомдук автобусту сүзүп алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук ИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жеңил унаанын айдоочусу санынан жаракат алды.

«Кырсык айылдын ички жолунда болгон. Кесепетинен бир киши ооруканага жаткырылды. Сурамжылоо көрсөткөндөй, жеңил унаанын айдоочусу мас абалда болгон. Автобустун жүргүнчүлөрү жабыркаган эмес. Жеңил унаа айып жайына киргизилди», -деп жазылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар