04:37
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Турсунбек Акун «Апрель ТВ» телеканалына болгон доо-арызын кайтарып албайт

Экс-омбудсмен Турсунбек Акун «Апрель ТВ» телеканалы менен анын журналисти Канат Каниметовго карата болгон доо-арызын кайтарып албайт. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, канал учурда мүлкү камакка алынганына карабай, тараткан тастыкталбаган маалыматтары үчүн жооп бериши керек.

«Доо-арыздын суммасы 500 миң сом. Эгерде апрелчилер жана жеке Каниметов өзү Ютуб каналы аркылуу жалган маалымат бергенбиз деп моюндарына алышса, анда мен материалдык дооматымды артка кайтарып алам», -деди Турсунбек Акун.

Эске салсак, Турсунбек Акун мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата 100 миң сомдук доо-арызын артка кайтарып ала турганын буга чейин билдирген. Айтымында, Алмазбек Атамбаев камакта. Ага өтө оор делген беренелер боюнча айып тагылууда. Мындан улам, мурунку президент кылган иштерине жооп берет.

«Мындан улам, жарандык тартипте аны менен жалган жалаа боюнча соттошкондун мааниси жок. Ал мени 100 миң доллар пара алган деп айткандары жалган. Жакында муну далилдешет», -деди Турсунбек Акун.