06:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мектептерге ЖОЖдун бюджеттик бөлүмүн аяктаган 1 миң 541 бүтүрүүчү бөлүштүрүлдү

Республиканын мектептерине ЖОЖдун бюджеттик бөлүмүн аяктаган 1 миң 541 бүтүрүүчү бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүк жыйында билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Айтымында, педагогикалык кадрларды даярдап чыгарган ЖОЖдун комплектациясына көп көңүл бурулууда. «Бүтүрүүчүлөр багыттама алышты, эми кайсыл аймакта кандай мугалимдер жетишпей жатканын байкап турабыз», -деди министр.

Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, аймактардагы орус тилдүү мектептерде кадр маселеси курч турат. Бул маселе боюнча министрлик Орусия менен иш алып барууда. «Орусия тарап 17 педагогду жиберүү тууралуу маселе сүйлөшүлдү», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар