23:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шахрезада Аскарова: Азыркылар кирпик, кашы, биз химия чачыбыз менен окшош элек

Шахрезада Аскарованын жеке архивинен
Фото Шахрезада Аскарованын жеке архивинен

Эмгек сиңирген артист Шахрезада Аскарова 1980-90-жылдары кыргыз эстрадасында «Тамаша», «Ак сүйүүм», «Шай көйнөкчөн» аттуу ырлары менен оозго алынып, жылдызы жанды. Кийин мүмкүнчүлүгү чектелген кызын кароого мажбур болуп, сахнадан алыстады.

Ырчы акыркы жылдары сахнага кайтып, былтыр 60 жаш мааракесин жана чыгармачылыгынын 38 жылдыгын белгиледи. Учурда ал өзүнүн жеке долбоорун иштеп чыгып, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын балдары үчүн чыгармачылык борбор ачып иштетүүдө.

Шахрезада Аскарова 24.kg агенттигине өткөн доордогу жана азыркы шоу-бизнестин айырмачылыгы тууралуу кеп салды.

— Кайрадан сахнага, чыгармачылыкка кайтып келгениңизде кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

— Өзгөчөлүктөр аябай көп, мисалы 1990-жылдары, андан кийинки 2000-жылдары тойлор аз болчу, эл аралап концерт коюп эле жүрчүбүз. Акыркы 10 жылдан бери концерттер тойдо өтүп, ырчылар акчаны да той-топурдан таап калды.

Клипти азыр акчасы барлар гана тарта алат. Союз маалында өкмөт өзү бекер клип тартып, өзү эле аны теледен көрсөтчү. Кезек менен баардык ырчылардын клибин жасап, улам жаңылап турчу. Азыркыдай клиптерди кайталап берчү эмес.

Учурда ырчылардын баары клипке басым жасашат, себеби, клиптерди көрүп ал иштеп жатыптыр деген ой калат экен.

Анан дагы азыркы ырлардын мааниси жок деп сындап жүрүшөт, бир чети туура. Бирок, муну туура түшүнүү керек. Анткени алар сахнанын мектебинен өтүшкөн жок.

Кафеге барып ырдап эле дароо жылдыз болуп, анан клип тарттырып, элге таркатып, тойдо ырдап акча таап эле ырчыга айланат.

Бирок, заман ошону талап кылып атат. Азыр мүмкүнчүлүктөр жакшы, каалаганыңды ырдап, каалаганыңды кийип, каалаган жерге барып ырдасаң болот, тек гана каражат керек.

— Бир үй-бүлөнүн жүгүн жалгыз көтөрүп жүрдүңүз, ырчылык менен жан багууга мүмкүнбү?

— Азыркы заманда ырчылык менен жан багууга жакшы шарттар түзүлгөн. Себеби кафе, ресторандарда, тойлордо жакшы төлөп берип жатышат. Бутуна туруп ишкердик менен алектенгендер да бар. Тилекке каршы, мен оорукчан кызымды карап, көп саамалыктарды жасай албадым. Бирок, буга өкүнбөйм.

Шахрезада Аскарованын жеке архивинен
Фото Шахрезада Аскарованын жеке архивинен

Учурунда Кыргызстандын ар айылын түрө кыдырып концерт койгонбуз. Биздин дагы айта турган кебибиз, кеңешибиз, бөлүшө турган тажрыйбабыз бар, студия ачсак деле жарашмак. Бирок, баары келип каражатка такалат.

— Сизге да тойго чакыруу болобу?

—Жок, мага чанда гана чакыруу болот. Балким, бул пенсия курагына байланыштуу, же менин ырларым кайгылуу тематика болгону себептир. Кээ бир ырчылардан «күндө той болуп, Оштон Бишкекке, Бишкектен Ошко учуп жатам» дегенин угуп калам, тойлор болуп эле турсун. Анан кээде «биздин ырлар бүткөн турбайбы» деп ойлонуп отуруп калам.

— Небере жытын жыттап, аларга баш-көз болуп жатыптырсыз, неберелериңизден ырчылык өнөрлөрү байкалабы?

— 2 неберем бар, 6-7-класста окушат. Аларга ырда же бийле деп талап кылбаймын. Алардын окуусуна жакшы көңүл бурабыз. «Биз ырчы болгонбуз, силер да ырчы болосуңар» дебейбиз. Өнөрү тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө бар болсо, бир күн чыгат.

— Азыркы ырчылардын сырткы кебетеси, айрыкча чач, каш, көз жасалгалары коендой окшош деп калышат, сиздердин убакта эмне мода эле?

— Азыркы ырчылардын баары сулуулук салондорго барып, макияж жасатып кээде окшош болуп кетишет. Мисалы, биздин убакта баарыбыздын чачыбыз химия болуп, жалтырак- жултурак кийинчүбүз. Бул ошол замандын талабы болчу. Азыркы заманда татуаж, кирпик, каш жасатуу -мода. Балким, 20 жылдан кийин такыр башкача көрүнүш болот.

Биз филармонияда иштеп жүргөндө көйнөктөрдү өздөрү тиктирип беришчү, ал жакта атайын тигүү цехи бар эле. Кээде мурунку ырчылардын көйнөгүн кийип калчубуз. Мисалы, өткөрүп бергенден кийин биздин көйнөктөрдү башкалар кийишчү. Ал убакта көп деле костюм тиктирчү эмеспиз.

1-2 костюмду тигип берсе, 5-6 жыл кийчүбүз. Азыр баары жакшы, бүгүн бирди кийесиң, эртең башкасын дегендей.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума