10:03
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Аскат Мусабеков: Мен тойго көп чакырылган ырчылардын катарына кирем

Белгилүү ырчы жигит Аскат Мусабеков «24.kg» агенттигинин журналисттери менен маектешип, чыгармачылыгында болуп жаткан жаңылануулар жана максаттары тууралуу айтып берди.

Аскат Мусабековдун жеке архивинен
Фото Аскат Мусабековдун жеке архивинен

— Аскат, концерт берүүгө камданып жатыптырсыз, даярдык кандай жүрүп жатат?

— Ооба, буйруса май айынын башында Ош шаарында «Түнкү ыр» деген аталыштагы концерт бергени жатам. Учурда ошого даярданып, алпурушуп жүргөн кезим. Даярдык иштери жакшы жүрүп жатат. Чыгармачылыгыма токтолсом жаңы жылдан бери үч-төрт жаңы чыгармам жарык көрдү. Жакында эле «Апама» деген жаңы ыр жаздырдым, учурда ошонун үстүнөн иштеп жатам. Андан тышкары Каныкей Эралиева эжекебиз аткарып жүргөн «Атама ант» деген ырды кайра ырдап чыктым. Майда ага клип тартабыз деген планым бар. Буга чейин репертуарымда ата-эне, мекен жөнүндө чыгарма жок болчу. Буйруса жогорудагы айтып өткөн ырларым коомдо жакшы ой пикир жаралат деп ишенем.

— Көпчүлүк ырчылар жаңы чыгып келе жатканда эле ата-эне, мекен жөнүндөгү ырларга басым жасашат. Сиз эмне себептен бул темаларга эми гана кайрылып жатасыз?

— Көпчүлүк ырчылар бул темаларга көрүнүү үчүн кайрылат. Айрымдар маани-маңызына карабастан ата-эне, мекен жөнүндө сөзсүз бир ыр болушу керек деген позицияны карманышат. Бул туура эмес түшүнүк деп ойлойм. Анткени ата-эне, мекен деген өтө олуттуу тема. Андыктан бул нерсеге олуттуу көз караш менен кароо керек. Мен ата-эне тууралуу мыкты бир чыгарма ырдап чыксам деп көптөн бери ойлонуп жүргөм. Анын үстүнө быйыл атамдын 60 жылдык мааракесин белгилегени турабыз. Ошого дагы белек болсун деген ниетте «Атама ант» чыгармасын ырдап чыктым. Буйруса мекен темасына дагы кайрылып, көп жашай турган ырды алып чыгам деген тилегим бар.

 

— Атаңыздын мааракеси тууралуу сөз кылып калдыңыз. Ырыңыздан башка дагы кандай белек тартуулайсыз?

— Учурда бир туугандар менен кеңешип, ойлонуп жатабыз. Атам өмүр бою айылда мугалим, мектеп директору , айыл өкмөтү болуп иштеген киши. Учурда дагы талыкпастан жергиликтүү кеңештин депутаты кызматын аркалоодо. Атамдын 60 жылдыгын белгилөө менен элдин батасын алалы деген тилегибиз бар.

— Өзүңүз балдарыңызга кандай атасыз?

— Балдар биздин келечек. Андыктан мен эң башкысы өзүмдүн жүрүм-турумум менен балдарыма үлгү көрсөтүп келем. Ошондой эле алардын дүйнө таанымына, чөйрө менен аралаштырып, ар тараптуу болуусуна салым кошууга аракет кылам. Буйруса ыймандуу, келечекте эл керегине жараган балдарды тарбиялап жатам деп ишенем.

— Эми чыгармачылыгыңызга кайрылып келсек. Акыркы жылдары фольклор эмес эстрадага көбүрөөк басым жасагандайсыз, мунун себеби эмнеде?

Мен таптакыр эле эстрадага ооп кеттим деп айта албайм. Учурда Улуттук филармонияда солист болуп эмгектенем. Ал жакта «Камбаркан» этнографиялык фольклордук ансамбль менен бирге концерттерде көп ырдап чыгабыз.

Комуз менен дайым эле ырдап жүрөм. Бирок эстрада дагы учурда замандын талабы болуп турат. Менин оюмча эки жакты тең бирдей алып келе жатам.

— Бир топ жылдан бери эл аралык деңгээлдеги сынактарга канышып, жеңүүчү болгонуңузду укпай калдык, эмнеге?

— Мен 2006-жылга чейин эл аралык деңгээлде уюшулган сынактарга активдүү катышып, байгелүү орундарды багындырып келдим. Ал эми 2012-жылдан тартып катышпай калдым. Чындыгында мунун бардыгы келип эле каражатка такалат. Анын үстүнө, акыркы жылдары чыгармачылыгымды жаңылоого көбүрөөк басым жасап жатам. Кыргызстандын аймактарына гастролдоп, айрым учурда чет мамлекеттерде өткөн концерттерге катышып турам. Сынакка катышууга убактым аз жана анчалык деле каалоом жок.

— Гастроль демекчи, учурда кыргыз ырчылары аймактарды кыдырып концерт берүүнү унутуп, бары тең эле тойдо ырдап калды деген сындар айтылып келет. Бир жылда канча жолу гастролго чыгасыз?

— Мен жылына 10 күндөн райондордун, облустардын борборлорун кыдырып келем. Бирок филармонияда эмгектенгендиктен аймактарды кыдырууга көп убактым болбой калат.

Ал эми той тууралуу айтсак, азыр чындыгында ырчылардын дээрлик бардыгы тойго барып көп ырдашат. Мен дагы тойго көп чакырылган ырчылардын катарына кирем. Кыргызда «чакырган жерден калба, өзүң басып барба» деген кеп бар. Чакырып жатса кантип барбайсың. Эл мени чакырып жатса, демек алардын табитине туура келе турган жакшы ыр ырдап жатам.

Аскат Мусабеков

— Маегиңизге рахмат!

Эң көп окулган жаңылыктар