09:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эрнест Бөрүбаев: Азыр куудулдардан да кыргыз саясатчылары элди жакшы күлдүрөт

Маданияттын мыкты кызматкери Эрнест Бөрүбаев куудул атасы Кабыл Бөрүбаевдин жолун жолдоду. Андан тышкары ал ырдап, тасма айдыңына аралашып, актерлук чеберчилигин элге тартуулаганга жетишти. Талант ээси комедиялык жанрда тартылган «Атымды башка коемун» аттуу тасмага режиссерлук кылганы да бар.

Эрнест Бөрүбаев 24.kg агенттигине кычкыл тамашадан тарта саясатка чейин айтып берди.

— «Кычкыл тамаша» деген скетч шоуну youtube каналына чыгарып жатасыз. Тамашалардын автору өзүңүзсүзбү?

— «Кычкыл тамаша» — бул биздин топтун эмгеги. Идеяларды негизинен өзүбүз ойлоп табабыз. Кээде гана башка жактын, орус же өзбектердин тамашалары жагып калса, элибизге жакшы маанай, позитив тартуулайлы деген ниет менен дал өзүндөй эмес, өзүбүзгө ылайыктуу кылып ишке ашырабыз.

Бизге жакшы идеяларды биздин саясатчылар да берип турат. Алар куудулдардан дагы өтүп кетпедиби. Күлкүнүн баары ошолордон чыгып атпайбы.

— Анан саясатчылар тарабынан таарыныч, же «токтот» деген сөздөр айтылбайбы?

— Мен кээ бир куудалдарга окшоп курч тамашаларды чыгара элекмин. Бирок, чыгарган күндө деле кысым жасаганга жогору жактын акысы жок. Себеби, алардын өздөрүнүн эле сүйлөгөн сөздөрүн сүйлөп атпайбызбы? Оюбуздан эч нерсе чыгарган жокпуз. Ал факт. Кээде гана комментарийлерге бирөөлөр ошолор тарап болуп, коркутуп калышат, андайларга көңүл деле бурбайбыз.

Бийликти сындагандан, тамашага салгандан коркпойм. Анткени, биздин тамашабыз аркылуу өздөрүнүн туура эмес иш кылып атканын, шылдың, мыскыл болуп атканын көрүп түшүнөөр.

— Зеленскийдин жолун жолдоп президенттикке талапкер болот белеңиз?

— Куудалдар саясатка аралашып, депутат, министр, президент болсо болот. Анткени, Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон бери эле биз саясатчылардын туура эмес жактарын сайрап келе жатабыз. Башкалар андан кийин гана саясатты сындаганды үйрөнүштү.

Куудулдар депутаттар олуттуу караган маселени тамашага салып, саясатты түшүнөрүн көрсөтүп жатат.

Мен болсо президенттик кызматка талапкерлигимди коем деген оюм жок. Биздин бүгүнкү саясаттын ишине аралашкым келбейт.

— Алгач канча жашыңыздан тарта сахнага чыккансыз?

— Мектеп жашынан бери ырдап жүрөм. Кичинемден эле ар кандай иш-чараларга катышып, активдүү болчумун. Кийин 18 жашымда чон сахнага Расул Мамткуловдун концертинде ошол кишинин ырын ырдап чыккам. Андан кийин куудулдардан турган «Бешилик» тобу түзүлүп, анда ырдадым. Бара-бара комедия жанрындагы тасмаларга тартылдым, азыркы учурда тамадалыкты аркалап келем.

— Той алып барган жеңилби, же сахнада туруп элди күлдүргөн оңойбу?

— Тойго караганда, сахнада туруп элди күлдүргөн оңой. Анткени концертке күлкүнү жакшы көргөндөр атайын убактысын бөлүп барат. Ал эми тойдо ар ким отурат эмеспи. Күлкүнү жакшы көргөндөр, мүнөзү катуу олуттуулар, калжаңдагандарды жаман көргөндөр, балким арасында министр, депутаттар отургандыр. Ошолордун баарын тегиз алып кетиш, концертке караганда оор. Концертте сахнага чыксаң сени гана карап отурат.

Тойдо бири бири менен сүйлөшүп, кудалар жакты карап, эки жагын акмалап олтургандардын баарын каратып алып сүйлөп, көңүлүн буруп, табитин таап, аларды күлдүрө турган сөздөрдү сүйлөп алып барыш оор.

— Ырдайсыз, актерлукка ыктап, тасмага тартылып жүрөсүз, жүрөгүңүзгө кайсынысы жакын?

— Менде кайсыл өнөр болсо, ошонун эң жакыны -ырчылык. Ырдаганды жактырам.

— Куудул болуш үчүн тубаса талант керекпи? Же кийин окуп, үйрөнүп кетсе болобу?

— Куудул болуш үчүн, тубаса талант болуш шарт, же ата тегинен берилиш керек деп айтылып келет. Бизде «ой бул таятасын же чоң атасын тартып калыптыр» дешет го. Анын сыңары тубаса талант болуш керек. Окуп, үйрөнүп куудул боло албайт, «мойнунан жетелеген ит ууга жарабайт» деп бекеринин айтылбаса керек.

Эң көп окулган жаңылыктар