07:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдө 2 кишиге ок аткан жаранга эл аралык издөө жарыяланат

Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагеринде 2 кишини атып кеткен Сергей Смирновду издөө иштери жыйынтык берген жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сергей Смирнов 10-июлда издөөгө алынган. «Ал тоголок жетим, достору дагы жок. Ал тоолорду жакшы билет, көзөмөл өткөрүү пункттарына кабар берилген. Бирок, жыйынтык чыга элек. ОИИББ материалды ИИМге жөнөтөт, алар эл аралык издөө жарыялашмакчы», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 5-июлда Ак-Суу районундагы лагерден Сергей Смирнов аттуу жаран 2 кишини атып, дагы бир аялды барымтага алып кеткен. Кийинки күнү ал аялды кое берген.

Эң көп окулган жаңылыктар