20:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов катышкан окуяга боюнча иликтөө жүргүзүлөт

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов катышкан окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө болот. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалым болгондой окуя дем алыш күнү кечинде болгон. Вице-мэр Жасур Азимовду жол коопсуздук кызматынын инспекторлору токтотуп, наркологиялык текшерүүгө алып барышкан.

«Вице-мэр автоунаасын милиция кызматкерлерине өткөрүп берип кеткен. Ал автоунааны өзү башкарып жүрбөгүнүн, бирок өзүнө таандык унаа экендигин айтты. Ошентсе да окуяга байланыштуу вице-мэрге кызматтык иликтөө жүргүзүлөт», — дейт мэрия.

Мэриянын билдирүүсүндө, вице-мэрди видеого тартып, интернетке тараткан милиция кызматкери боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы иш алып барат.

Эң көп окулган жаңылыктар