Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Иса Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык бүгүн түнкү саат 02:00де катталган.
«26 жаштагы айдоочу «Хонда Легенд» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып «Тойота Приус» унаасын капталынан сүзүп, андан ары жолдун четинде токтоп турган «Тойота Виш» унаасын сүзүп токтогон», -деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан жабыркагандар жок.