18:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Бишкекте адам өлүмүнө шектелген 47 жаштагы С.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-августта Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна сабалган аял келип түшкөн.

«Жабырлануучуну аны менен бирге жашаган жаран сабап салган. Ал буга чейин соттолуп чыккан. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал № 1 тергөө абагына киргизилген. Ал эми сабалган аял 23-августта каза болуп калды», -деп билдиришти ШИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума