Ленин РИИБнын кызматкерлери 2 адамды өлтүргөнгө шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИББ билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-августта милицияга Завод көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн жанынан канга чыланган белгисиз бирөөнүн жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Азият улутундагы жабырлануучу ийнинен жаракат алган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.
«Аталган үйдүн короосунан дагы бир жарандын сөөгү табылган. Анын белинде жана жамбашынын ички жагында кесиктер болгон. Эки факты тең Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», -деп билдиришти ШИИББдан.
Окуяга шектүү делип 32 жаштагы Б.Т. кармалды.