20:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстанда мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 495,5 миң кишини түздү

Жыл башынан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөлөк пул түрүндө 4 миллиард 366 миллион сом төлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-августка карата Кыргызстанда мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 495,5 миң кишини түздү. Алардын ичинен 311,2 миң киши 16 жашка чейинки балдары бар жардамга муктаж үй-бүлөлөр. Социалдык жөлөк пул алгандардын саны- 92,7 миң. Дагы 91,6 миң киши балага сүйүнчү пул алышкан.

Республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулдун орточо көлөмү 855,8 сомду түздү. Социалдык жөлөк пулдун орточо көлөмү- 3 миң 79 сом.

Эң көп окулган жаңылыктар