21:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кара-Көл шаарында эки адамдын мушташы кары кишинин өлүмүнө алып келди

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында эки адамдын мушташы кары кишинин өлүмүнө алып келди. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык 2 тургун мушташып жатып, бири экинчисин таш ыргыткан. Ал ары жакта олтурган карыянын башына тийип, аны ооруканага жеткиришкен.

«25-40 жаштагы эки жаран урушуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Ошол учурда жакын жерде отурган 1940-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранга кокусунан таш тийген. Ал ооруканадан өзүнө келбей каза болду», -деп билдиришти милициядан.

Шектүү эки тургундун өздүгү аныкталып, бирөөсү кармалып, экинчисин кармоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар