03:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаровдун уулу каза болгон кырсык тууралуу толук маалымат айтылды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мурунку депутат Садыр Жапаровдун уулу каза болгон кырсык тууралуу толугу менен айтып беришти.

Маалыматка ылайык, окуя 22-августта саат 22:45те Көк-Жар айылында болгон. 

Дастан Жапар уулу жумуштан чыгып мотоциклге отуруп үйүн көздөй бара жаткан. Бул убакта С.Э. аттуу жаран жол эрежесин бузуп катуу ылдамдык менен келип мотоциклди сүзгөн. Дастан жолго кулап түшкөн, ал эми С.Э. унааны башкара албай калып жабырлануучуну тебелеп кеткен. Башкармалыктан билдиришкендей, мотоциклдин жүргүнчү отура турган жеринде 20 жаштагы кыз болгон, ал оор жаракат алып ооруканага түштү. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Керектүү экспертиза дайындалды.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар