22:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Хайдаркен сымап комбинаты быйыл 20 тонна сымап өндүрүүнү пландоодо

Хайдаркен сымап комбинаты быйыл 20 тонна сымап, 104 тонна сурма жана 3 миң 450 тонна флюорит казууну пландоодо. Бул тууралуу Тоо-кен жана металлургиялык биримдиктин төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи жарым жылда ишкана 2 миллион киреше тапкан. Анын эсебинен жумушчулардын айлыгы жана салыктар төлөнгөн.

«Мындай көрсөткүчкө «Северсталь» ишканасы менен биргелешип иштөө боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде жетти. 2009-жылы суунун астында калган «Вспомогательная» жана «Западная» шахталарын калыбына келтирүү иштери башталды. Калыбына келтирүү иштерине «Северсталь» 1 миллион доллар бөлгөн. Учурда комбинатта 400 жакын киши эмгектенет, ал эми толук кандуу ишке кирген соң 600 киши иш менен камсыз болот», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар