09:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Август айында өлкө аймагында болгон өрт кырсыктары

Август айында өлкө аймагында болгон өрт кырсыктарын 24.kg агенттиги тизмектеди.

31-июлдан 1-августта караган түнү өлкө аймагында 30 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Бул сутка аралыгында Ош шаарына караштуу Ак-Тилек кичи районундагы «Петролеум» май куюучу жайында унаа өрттөнгөн.

Кырсык тууралуу билдирүү 31-июлда саат 22:23тө келип түшкөн. Күйүүчү май ташыган унаадан чыккан өрт саат 23:09да чектөөгө алынып, 23:45те толугу менен өчүрүлгөн. Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 13 бөлүм тартылды. Жабыркагандар боюнча так маалымат жок.

1-августта Бишкекте эмерек цехинен өрт чыккан. Ауэзов менен Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эмерек цехинен өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган.

2-августта Кыргызстандын аймагында 40 өрт кырсыгы каттоого алынган.

Ал эми 4-августта 45 өрт кырсыгы катталган. Бул күнү «Дордой» базарына жакын аймакта кампалардан өрт чыккан. Кырсык болгон жерге 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Мындан тышкары тез жардам кызматы барган. Өрт 5-августта толугу менен өчүрүлгөн. Анда ӨКМнын маалыматына ылайык, 1 миң 500 чарчы метр аянт күйгөн. 2 киши иске ууланып, ооруканага кайрылышкан.

8-августта Ош шаарында алты турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Черемушка кичи районунун Бабур көчөсүнүн № 16 турак үйүнөн өрт чыгып, ал Бабур көчөсүндөгү № 14, № 18 жана Моминов көчөсүндөгү № 207/2, № 211, № 209 барак түрүндөгү турак үйлөргө өтүп 6 үй толугу менен күйүп кеткен. Анын жалпы аянты 2 мниң 500 чарчы метрди түзгөн.

Өрт саат 18:22де чектөөгө алынып, саат 20:00дө толук өчүрүлгөн.

21-августта Жалал-Абад шаарындагы Бакиев көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылып, саат 01:50 чектөөгө алынды.

«Базардан чыккан өрт саат 04:15те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2 миң 500 чарчы метрди түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок», -деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү Бишкек шаарындагы Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыкты.

Маалыматка ылайык, 2 киши түтүнгө ууланып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылды. BEKO компаниясына таандык кампадан чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Штаб, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, тез жардам кызматынан 2 бригада, Тазалык ишканасынан 4 суу ташуучу унаа, ИИМ кызматынан 140 кызматкер, ошондой эле саат 13:05те Темир жолу ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд тартылган.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2800 чарчы метр.

21-августта жалпы 35 өрт кырсыгы катталган.

22-августта Бишкектеги Чокан Валиханов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрт түнкү саат 1.21де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. «Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2 миң 800 чарчы метрди түзгөн кампа күйдү», — деп билдиришти министрликтен. Эске салсак, кечээ саат 18.42де Бишкек шаарынын чыгыш тарабында өрт чыккан. Кырсыктын келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Бул күнү өлкө аймагында 33 өрт кырсыгы катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби