03:32
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Бишкек ШИИББ: Икрамидин Айткуловдун уулу дагы алдамчылыкка шектелүүдө

Бишкек ШИИББ камакка алынган жактоочу Икрамидин Айткуловдун уулуна карата «Алдамчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-январда Башкы прокуратурага Б.Т. аттуу жаран кайрылып, Азамат Айткулов 2014-жылдын апрелинде атасынын дарылануусуна деп 25 миң доллар алганын айткан. Анда насыялык келишим түзүшкөн. 3 айдан кийин шектүү ишкерликти өнүктүрөм деп карызга 6 миң доллар дагы алган.

ШИИББнын маалыматына таянсак, 2014-жылдын акырында Икрамидин Айткулов уулунун карыз милдетин өзүнө алган. 2015-жылы ал арыз ээси менен насыялык келишимге кол коюшкан. Бирок, арыздануучу карызды дагы деле ала элегин билдирди.

«Материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө 2015-жылы Азамат Айткулов дагы бир алдамчылык фактысы менен соттолгону анык болду», -деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ Адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби