08:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Икрамидин Айткуловдун иши. Материалдар Октябрь райондук сотуна өткөрүлдү

Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы Икрамидин Айткуловго карата алдамчылык боюнча кылмыш ишин Октябрь райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Буга чейин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө (Алдамчылык беренеси боюнча) аяктаганы маалым болгон.

Эске салсак, Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, жактоочу кардардан 5 миң 500 доллар алып кайра бербей койгон. Ал соттун чечими менен үй камагына алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар