Бишкектеги Чокан Валиханов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрт түнкү саат 1.21де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
«Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2 миң 800 чарчы метрди түзгөн кампа күйдү», — деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, кечээ саат 18.42де Бишкек шаарынын чыгыш тарабында өрт чыккан. Кырсыктын келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.