18:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чаткалда миң түк чөп, жеңил унаа жана үй өрттөндү

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык Ш.Текебаев көчөсүндөгү үйдө болгон.

Маалыматка караганда, үйдүн 156 чарчы метр чатыры, миң түк чөп жана «Тойота Марк 2» үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү.

Кырсык балдардын от менен ойногон шоктугунан улам келип чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума