19:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкектиктер мектептин жанына көп кабаттуу үй курулат деп кабатырланышууда

Бишкектеги № 12 мектептин аймагында курулуш иштери башталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти. 

«Мектептин аймагында ор казып, бактарды кыя башташты», -деп билдирет тургундар. Алар аталган аянтка кезектеги көп кабаттуу үй курулат деп кабатырланышууда.

Бирок, Бишкек мэриясы мектептин жанына окуу корпусу курула турганын айтты. Аталган курулуш иштерине жемкорлук менен күрөшүүдөн түшкөн каражат жумшалмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар