08:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Чынар» базарынын жанында унаа токтотуу үчүн акча талап кылышууда

«Аламүдүн- кичи районунун Ауэзов көчөсүндөгү «Чынар» базарынын жанында  унаа токтотуу үчүн акча талап кылынууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдады.

Анын айтымында, ал мэрияга кайрылса Аламүдүн-1де акылуу унаа токтотуучу жай жок деп жооп беришкен.

«Анда айдоочулардан эмненин негизинде акча талап кылып жатышат? Дайыма жаңжалдашууга туура келет. Күн сайын ачык жашыл түстө кийинген ар башка адамдар», — дейт ал.

Окурман эмне үчүн бирөөгө акча төлөө керектигин түшүнбөй, мэриядан бул маселени чечип бериүүсүн өтүндү.

Кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз 24.kg агенттигине 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp же Telegram жөнөтсөңүз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар