06:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкек шаарындагы кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкек шаарындагы кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

BEKO компаниясына таандык кампадан чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Штаб, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, тез жардам кызматынан 2 бригада, Тазалык ишканасынан 4 суу ташуучу унаа, ИИМ кызматынан 140 кызматкер, ошондой эле саат 13:05те Темир жолу ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд тартылган.

Өрттүн кесепетинен 2 адам (жынысы жана аты-жөндөрү такталууда) түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2800 чарчы метр.

Эң көп окулган жаңылыктар