01:25
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте кампадан чыккан өрттөн 2 киши жабыркады

Бишкек шаарындагы Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыгып, кесепетинен 2 киши жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылды.

«Жабырлануучулардын биринин абалы орто оордукта, экинчисинин абалы өтө оор», -деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан бүгүн өрт чыгып, 6 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар