23:48
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкка күнөөлөнүп жаткан айдоочу кармалды

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкка күнөөлөнүп жаткан «Хонда-Торнео» унаасынын 24 жаштагы айдоочусу Талгатбек Алтымышев кармалды. Ал Бишкектеги кичи райондордун биринен колго түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Учурда аны аталган башкармалыкка алып келишти.

Эске салсак, 18-августта болжол менен саат 10до Бишкек-Ош жолунда 3 унаанын катышуусунда кырсык катталган. Кесепетинен 4 киши каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар