04:15
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Өлкөнү бөлгөнүңөрдү токтоткула! Кой-Таштын тургундары президентке кайрылышты

Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу кат жазышты. Анда тургундар 7-8-августта болгон окуя тууралуу пикирлерин билдирип, суранычтарын ачык айтышкан.

"Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка шайланып жатканда элдин башын бириктирем, элди бөлбөйм деп убадаберген эле. Биз ага ишенгенбиз. Буга ишенүүгө бизди урматтуу Алмазбек ШаршеновичАтамбаев да чакырган эле. Андан бери эч канча деле убакыт өткөн жок, жаңы президент болсо убада кылгандай эмес, таптакыр башкача иштей баштады.

Алмазбек Шаршенович болгону анын саясатын сынга алды, ошонусу үчүн Жээнбековдун буйругу менен ага жана анын жакын жолдошторуна кылмыш иштерин козгошту. Атамбаевдин өзүн болсо Башкы прокуратура жана Жогорку Кеңеш күнөөлөдү, депутаттар жадагалса, коюлган күнөөлөргө жооп берүү үчүн анны чакырып да коюшкан жок. Мындай чечим мыйзамды да, адилеттүүлүктү да одоно бузду.

Биз Атамбаевдин үйүнө жасалган чабуулду кайтарып, анны мыйзамсыз камакка алуудан коргоп калдык.

Өкүнүчтүүсү, атайын бөлүктүн бир жоокери каза болуп калды. Бул орду толгус кайгы. Аны ким өлтүргөнү азырынча белгисиз. Бирок бийлик эртеси күнү эле анны Атамбаев өзү атып өлтүрдү деп бүтүн дүйнөгө жарыя кылып жиберди. Булл курмандык экс-президенттин үйүнө чабуул уюштургандардын күнөөсү.

Биздин айылдаштар Атамбаевди жүрөгүбүздүн каалоосу менен колдоп жатабыз. Биз анын үйүнө келип, өзүбүздүн колдообузду көрсөтүп, мыйзамсыздыкка кыжырданганыбызды билдирип турдук. 7-август күнү анын короосунда жүргөн биздин балдарыбызга беткапчан атайын бөлүк күтүлбөгөн жерден кол салды. Бейтааныш адамдар Атамбаевдин үйүнө тосмо аркылуу секирип түшүп, короодо жүргөн адамдарды сабап жана резина ок менен ата башташты. Кары-картаңдарды да, аялдарды да сабашты. Мыйзамда жарандар өзүн өзү, анын ичинде атайын бөлүктүн мыйзамсыз аракетинен да коргоого укугу бар деп айтылган. Биз мына ушул укугубузду колдондук.

Бүгүн биздин балдарды куугунтуктап жатышат, аларды коркутуп —үркүтүп, кылмыш иштерин козгошууда. Бирок бул каргашалуу окуяга жок эле дегенде эки тарап тең күнөлүү! Ал эми таптакыр кереги жок, күч операциясына атайын бөлүк менен милицияны жөнөткөндөрдүн жоопкерчилиги туурасындагы маселе күн тартибине да коюлган жок!

Биз бийликке кайрылабыз: өлкөнү бөлгөнүңөрдү токтоткула, кыргызстандыктарды бөлгөнүңөрдү токтоткула! Мыйзамсыздыкка кыжырданып, атайын кызматтардын укук коргоого тура келбеген иш-аракеттерин токтотууга аракет кылгандарды куугунтуктоону жана коркутуп —үркүткөндү токтоткула!

Күч акциясына кылмыштуу буйрук бергендерди кызматтан бошоткула! Антпесе биздин коомдогу ажырым абдан тереңдеп кетиши мүмкүн", -деп жазылат катта.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби