07:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Каракол шаары: 7 айда 13 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапкан

Каракол шаарында былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны азайды. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык жыл башынан бери шаарда 30 рейд өткөрүлдү.

Былтыр жыл башынан июлга чейин 25 жол кырсыгы катталып, 5 киши каза болуп, 36 киши ар кандай жаракат алган. Бул жылы 7 айда 13 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза таап, 16 адам ар кандай жаракат алган.


Эң көп окулган жаңылыктар