УКМКнын имаратында Биринчи Май райондук сотунун көчмө жыйыны болот. Анда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын узартуу тууралуу маселе каралат.
Жактоочу Сергей Слесарев 24.kg агенттигине билдиргендей, отурум тууралуу азыр гана кабардар болгон. Буга чейин ага отурум тууралуу эч ким кабар берген эмес. Айтымында, Жазык-процессуалдык кодекс бузулду.
УКМКга дагы бир жактоочу Замир Жоошев келди.