23:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Атамбаевдин иши. Баш коргоо чарасы УКМКда каралмай болду

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйынында УКМКнын имаратында каралат. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Эске салсак, аталган маселе боюнча отурум бүгүн шаардык сотто болушу керек болчу. Бирок, эртең менен иш УКМКда каралары маалым болду.

«Соттор көчмө отурум кылып УКМКнын имаратында өткөрмөй болушту. Бул кылмыш иши боюнча сот өндүрүшүнүн ачыктыгынын принциптерин одоно бузуу деп эсептейбиз. Мурунку президентке карата жасалып жаткан мыйзамсыздыкты элден жашырбаш керек», -деди ал.

Маалыматка караганда, соттун имаратынын жанына бүгүн Атамбаевдин тарапташтары аны колдоо максатында чогулушмак. Эми алар УКМКнын имаратына жөнөп кетишти.

Эң көп окулган жаңылыктар