11:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 3 киши көз жумду

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 3 киши көз жумду. Бул тууралуу Ч уй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 жеңил жана бир май ташуучу унаа кагышкан.

Бишкек—Ош унаа жолунун 173-чакырымында «Мазда» үлгүсүндөгү жол тандабас Суусамырдан Бишкекке бара жаткан. Ал эми «МАН» үлгүсүндөгү май ташуучу унаа Бишкектен Ошко сапар алган. «Мазданын» артынан «Хонда Торнео» унаасы ашып өтүүгө аракет кылып, бирок каршы тилкедеги май ташуучу унааны көрүп, өз тилкесине кирип бара жатканда «Мазданы» сүзгөн. «Мазда» май ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Ал эми май ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып калган.

Эң көп окулган жаңылыктар