15:55
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

УКМКнын ардагерлери Кой-Таш окуясына карата тынчсызданышууда

УКМКнын ардагерлери 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясына карата тынчсызданышууда. Алар кайрылууну ЖМКга жолдошту.

Катта аталган окуяга карата ар кандай ой пикирлер айтылганы менен, УКМКнын ардагерлери мурунку президенттин мыйзамсыз иш-аракеттерин жакташпайт.

««Альфа» кан төгүлбөсүн деп мурунку президентти кармоо операциясына куралсыз барган. Алар мурунку президенттин эстүүлүгүнө жана мыйзамды сыйлайт деп ишенип барышкан. Биздин пикирибизде «Альфа» аталган окуяда адекваттуу иш алып барды. Бирок, Атамбаевдин тарапташтары бийликтин өкүлдөрүн от жана таш менен тосуп алышты. Катуу каршылык көрсөтүштү. Кесепетинен атайын кызматтын кызматкери каза болду. 6 киши барымтага алынып, айрымдары ооруканага жатышты», -деп айтылат катта.

Атайын кызматтын ардагерлери Кыргызстан элин биримдикке жана ынтымакка чакырып өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар