23:57
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Үсөн Ниязбековду өлтүргөнгө шектүү делген жарандын өздүгү аныкталды

УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүргөнгө шектүү делген жарандын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү катары мурунку президент жана анын жан сакчылары эсептелбейт.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, Үсөн Ниязбековду өзүнүн куралы менен атышкан. Шектүү кармалганы маалым болду», -деп билдиришти редакцияга.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Кайрат Загибаев маалыматты тастыктаган жок, бирок четке дагы какпады. Айтымында, 7-8-августтагы окуяларга Алмазбек Атамбаев жооп бериши керек.

Эске салсак, мурунку президенттин Кой-Таштагы үйүн басып алууда УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби