23:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кой-Ташта болгон кагылышууда жабыркаган 12 киши ооруканада жатат

7-8-августта Кой-Ташта болгон кагылышууда жабыркаган 12 киши ооруканада жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучулардын абалы туруктуу.

Кой-Таш окуясында жабыркагандардан 100гө жакын киши ооруканага кайрылган. Алардын көбү текшерүүдөн өткөн соң, амбулатордук дарыланууга жиберилген.

Эске салсак, кечээ Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашты. Учурда ал комада жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар