12:34
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан билдиришти.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашты. Учурда ал комада жатат.

Эске салсак, 7-августта кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар