21:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түндө Бишкекте башаламандык уюштурду делген 40 киши кармалды

Түндө Бишкекте башаламандык уюштурду делген 40 киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка таянсак, кечээ борбордук аянтка чогулгандар Жогорку Кеңештин имаратына, соода борборлоруна жана дүкөндөргө кирүүгө аракет кылышкан. Ошондой эле жолдорду тосуп, элдин тынчын алышкан. Натыйжада 40 киши кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, өткөн суткада коргоодо турган объекттерге кирүү жана уурдоо фактылары катталган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик атайын күзөт кызматы башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция батир жана турак үйлөргө, юридикалык жактардын коммерциялык объектилерине кимдир-бирөөлөрдүн кирүүсүнө жол берген жок. Талап-тоноо катталган жок. Бирок, митингге чыккандар аталган башкармалыктын 3 унаасын талкалап салышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума