14:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бүгүн Бишкекке Өмүрбек Бабановдун келиши күтүлүүдө

Бүгүн Бишкекке «Республика — Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабановдун келиши күтүлүүдө. Анын өкүлү Мирсулжан Намазаалынын айтымында, саясатчы аба майданда турат.

«Ал паспорт көзөмөлдөө пунктунан өттү, учакты күтүүдө», -деди ал. 

Учак «Манас» аба майданына саат 14:40та келип конот. Саясатчы «Аэрофлот» авиакомпаниясынын каттамы менен учуп келет.

Эске салсак, бул Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келүүгө экинчи жолу жасаган аракети.

УКМК буга чейин Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартылат деген.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби