Ала-Тоо аянтындагы башаламандыктан кийин аянтты «Тазалык» таң эрте ирээтке келтирди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.
«Кечээки митингдин изи да жок. Баары тынч. Тартип сакчылары адаттагыдай эле арканын жанында турушат», -деди ал.
Эске салсак, түндө аянтка 1000ден ашуун агрессивдүү эл чогулган. Милиция аларды атайын каражаттардын жардамы менен кууп чыккан.