21:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМКнын 19 кызматкери ар кандай даражадагы жаракаттарды алышты

УКМКнын 19 кызматкери ар кандай даражадагы жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев айтты.

Анын билдирүүсүндө, 6 киши оор абалда ооруканага жаткырылды. 

"6 киши оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бирөөнүн көзү чыгып кеткен. Дагы 5  киши аскер огунан жаракат алган. Атамбаев буга чейин белекке алган снайпердик куралы бар экенин айткан. Ал дал ошол куралдан ок чыгарган. Бир кызматкер каза болду", -деди ал. 

Ал кошумчалагандай, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын жоокерлеринен 26 даана куралды тартып алышкан. 

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар