Мурунку президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтсүз митинг жарыялады. Ал УКМКнын барымтадагы кызматкерлерин кое берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу 24.kg агенттигинин журналисти окуя болгон жерден кабарлады.
Мурунку мамлекет башчынын айтымында, барымтада отургандар андан кечирим сурашкан.
«Атайын кызматтын кызматкерлери менден кечирим сурашты. Алар дагы башка бирөөнүн балдары, мен муну түшүнүп турам. Жаракат алгандарды кечээ чыгарганбыз. Бул жакта азыр 6 киши кармалууда, аларды кое беребиз», -деди ал.
Ошондой эле Атамбаев мөөнөтсүз митинг башталганын айтты.
«Биз саат 16:00дө «Форумдун» алдына митингге чыгабыз. Бизди кой деп эсептешпесин деп митингге чыкканы жатабыз. Кечээ басып алууга аракет жасашты, бийлик башка тарапка жүзүн бурду. Аталган комплексте бир гана Атамбаев куралчан болчу. Башкы прокуратура мыйзамды билбейби же кандай, менин үйүм соттун чечимине чейин мамлекеттик коргоодо турат. Бул жакка күч органдарынын кирүүгө укугу жок», -деди ал.