13:20
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кой-Таш окуясы. Ооруканаларга 48 киши кайрылды

Кой-Таштагы башаламандыктан кийин медициналык жардам сурап Бишкектин жана Чүй облусунун ооруканаларына 48 киши кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 9 киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Атайын дайындыктагы кызматтын бир офицери каза болуп, 25 киши башынан жаракат алып, мээси чайкалган. 4 жабырлануучуга аскер огу жаңылып, калгандары ар кандай жаракат алышкан.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар