Бишкекте эки жигит унаа уурдоого шектүү делип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
29-июлда Октябрь райондук милициясына Б.К. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылып, «Кара-Жыгач» тараптан белгисиз бирөөлөр «Фольксваген Гольф-3» унаасын айдап кеткенин билдирген.
Окуяга шектүү катары 2001-жылы туулган С.Ж. жана Т.С. аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.