Бишкек мэриясы Бишкекти жашылдандыруу-көрктөндүрүү тууралуу клип тартты. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек жашылдандыруу чарбасы менен «Тазалыктын» кызматкерлери шаарды жашылдандыруу иштерин улантышууда.
Маалыматка караганда, 2 миллион 193 миңден ашуун гүл отургузулган. Мындан сырткары 6 миңден ашуун ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу көчөттөр тигилген.