Экономика министри өз кишилерин ишке алып келүү үчүн орун бошотууда. Бул тууралуу экономика министринин мурдакы орун басары Элдар Абакиров маегинде билдирди.
Анын айтымында, Элдар Абакиров башка кызматка өткөндүгү боюнча иштен кеткендиги тууралуу маалымат калп.
«Мен азыр жумушсузмун. Башка жумуш жок. Болгону жаңы министр өзүнүн кишилерин кызматка алып келгиси келди», — дейт ал.
Элдар Абакиров министрликте 2016-жылдан бери иштеп, өткөн жумада башка кызматка өткөнүнө байланыштуу ордуна Султан Ахматов дайындалганы маалымдалган.