05:49
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев Россияга кетеби? Өзүнүн жообу

Алмазбек Атамбаев Россияга бир нече күнгө барып келет. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Россияга чакыруу менен барат.

«Мени досторум чакырышты. Бирок, мени аэропорттон кармашы дагы мүмкүн. Учуп кетсем кайра өлкөгө кире ала турган болушум керек. Ал эми Путин менен жолугуушум боюнча айтарым баарын өз кезинде билесиздер», — деди ал.

Эскерте кетсек, Россиянын бажы кызматынын мурдакы башчысы Андрей Бельянинов Алмазбек Атамбаевди Москвага чакырганы тууралуу маалымат таркаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариядан кайтып келе жатып, Москвада Владимир Путин менен жолугушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби