20:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышын ачыктаган жок

Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышы боюнча суроону жоопсуз калтырды. Бул тууралуу ал кечээ Кой-Таш айылындагы үйүндө билдирди.

Ал Россия президенти Владимир Путин менен Бажы кызматынын мурдакы төрагасы Андрей Бельянинов эски достору экендигин белгилеп өттү. Бирок, алар менен акыркы жол качан сүйлөшкөнүн айткан жок.

«Мен бул тууралуу айта албайм. Анткени, айрым нерселерди айтканга болбойт. Алар менин эски досторум, андай достор менде Россия жан Түркияда көп», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар