12:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан менен Кореянын ортосунда товар алмашуунун көлөмү 30 миллион доллар

2018-жылы Кыргызстан менен Кореянын ортосунда товар алмашуунун көлөмү 30 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан-Түштүк Корея» бизнес-форумунда билдирди.

Өкмөт башчысынын маалыматында, Кыргызстанда корей капиталы менен кызматташкан миңге жакын ишкана бар.

«Кыргыз- корей соода-экономикалык карым-катнашын жакшыртууга бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргыз-корей 352си биргелешкен ишканасы бар. Булар саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык тейлөө, айыл чарба, кен казынасын пайдалануу, курулуш тармагындагы ишканалар. Арасында дүң жана чекене соода жаатындагы компаниялар басымдуу».

Абылгазиев Кыргызстан санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби