21:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Коргоо кеңешинин мурдакы башчысы Бусурманкул Таабалдиев издөөгө алынды

Коргоо кеңешинин мурдакы башчысы Бусурманкул Таабалдиев издөөгө алынды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, Бусурманкул Таабалдиевдин жайгашкан жери белгисиз болгондуктан ага издөө жарыяланды.

Коргоо кеңешинин мурдакы башчысына карата «Жемкорлук» беренеси менен сотко чейин териштирүү жүрүүдө.

Кримтөбөл Азиз Батукаев бошотулган жылы Бусурманкул Таабалдиев Коргоо кеңешин жетектеген.

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

 
Эң көп окулган жаңылыктар